АКШдагы катуу шамал адамдардын өмүрүн алды

Катуу шамалдан 3 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алды.

1584860
АКШдагы катуу шамал адамдардын өмүрүн алды

АКШнын Түндүк Каролина штатындагы катуу шамалдан 3 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алды.

Штаттын Брунсвик жээктеринде кечээ кечинде болгон катуу шамал олуттуу зыян келтирди.

Аймактагы көптөгөн үйлөр кыйрады, көптөгөн үйлөрдөн адамдар чыга албай калышты, электр жарыгы өчүрүлдү.

Табигый кырсыктар жана чукул кырдаалды жөнгө салуу башкармалыгына караштуу топтор тарабынан издөө-куткаруу иштери улантылып жатканда, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар