Жапонияда 7,3 баллдык жер титирөө болду

Жапониянын Метеорология агенттиги (JMA) жасаган билдирүүдө кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.07де Фукусиманын жанынан 60 чакырым тереңдикте жер титирөө катталгандыгы айтылган.

1583069
Жапонияда 7,3 баллдык жер титирөө болду

Жапонияда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 150дөн ашты.

Жапониянын Метеорология агенттиги (JMA) жасаган билдирүүдө кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.07де Фукусиманын жанынан 60 чакырым тереңдикте жер титирөө катталгандыгы айтылган.

Фукусима жээктеринде термелүүлөр болгон деп айтылган билдирүүдө цунами коркунучу жок экендиги белгиленди.

Жер титирөө Мияги, Ивате, Акита, Гунма, Сайтама, Аомори жана борбор Токиодо сезилген.

Киодо агенттигинин жаңылыктарына ылайык, аймакта 150дөн ашуун жаракат алганы аныкталып, ал эми каза болгондор катталган жок.

Бүткүл аймакта жайгашкан атомдук электр станцияларында бузуктуктар байкалган жок.

Жер титирөөдөн кийин 36 жер титирөө катталды, анын экөө 5 же андан көп, ал эми 16сы 4 жана андан жогору.

Экинчи жагынан, эртең менен министрлер кабинетинин мүчөлөрү чогулуп, жер титирөөнүн кесепетинен болгон зыяндар жөнүндө маалымат алышты.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Като Катсунобу, маалымат жыйын өткөрүп Премьер-министрлик кеңсесинде атайын топ түзүлгөнүн билдирди.

Премьер-министр Суга Йошихиденин ыкчам топко келтирилген зыянды баалоо жана издөө-куткаруу иштери боюнча көрсөтмөлөрдү бергендиги белгиленди.

Суга жер титирөөдөн кийин табигый кырсыктарды башкаруу министри Хачиро Оконогини кабыл алды.

Экөөнүн жолугушуусунан кийин, Суга жер титирөөдөн кийин адам өмүрүнө зыян келген жок деп билдирди жана жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тиледи.

Коргоо министри Киса Нобуо жер титирөөдөн кийин олуттуу кыйроолор болбогонун, тиешелүү министрлик жана жергиликтүү башкаруулар менен кызматташуу улантылып жаткандыгын билдирди.

Ал Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (SDF) күчтөрү зарыл деп табылса, кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жардамга даяр экендигин түшүндүрдү.

Ошол эле учурда, NHK коомдук телекөрсөтүүсүнүн маалыматы боюнча, Жобан шоссесиндеги айрым жерлерде жер көчкү болуп жана суу азайган.

Жер титирөөдөн кийин бүткүл аймакта болжол менен 900 миң каананын электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы таңга маал калыбына келгени маалымдалды.

Чыгыш Япония темир жолуна таандык айрым поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

Фукусима штатынын губернаторунун маалыматы боюнча, шаарда түзүлгөн 60тан ашуун эвакуация борборлорунда жер титирөөдөн кийин убактылуу баш калкалоо камсыздалат.



Тектеш кабарлар