Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 367 миң 492ден ашты.

1581952
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр
covid india.jpg
KORONA SÜPER
süper covid
Süper Covid-19.jpg
Süper Covid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 367 миң 492ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 107 миллион 959 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 80 миллион 4 миңден ашты.

Индияда эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 155 миң 416га, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 10 миллион 872 миңге чейин көбөйгөн.

Эпидемиянын айынан Орусияда адамдардын өлүмү 78 миң 687 түзүп, бир күндө 553кө көбөйдү. Ушул эле мезгилде өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 15 миң 38ге көбөйүп, 4 миллион 27 миңге жетти.

Иранда коронавирустун айынан каза болгон адамдардын саны 65ке көбөйүп, 58 миң 751ге, ал эми ооруну жуктургандардын саны 7 миң 747ге көбөйүп, 1 миллион 496 миңге жетти.

Эпидемияда 90 адам каза болгон Тажикстанда 13 миң 308 адамдан вирус табылса, 10-январда 3 учур аныкталды, ушул күндөн бери жаңы учурлар табылган жок.

Казакстанда вирустун айынан каза болгондордун саны 2 миң 540ка, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 199 миң 93кө жетти.

Ковид-19дан улам 6 миң 557 адам каза болгон Жапонияда, дары чыгаруучу Pfizer компаниясынын жаңы түрдөгү коронавирус вакцинасынын акыркы дозасын сордура турган атайын шприцтердин жетишсиздигинен улам, пландалгандай көп адам эмделе албай турганы айтылган. Шприцтердин жетишсиздигинен 24 миллион доза вакцина «аргасыздыктан улам» ыргытыла турганы жарыяланды.

Өзбексканда Ковид-19дун айынан ушул убакка чейин 622 адам каза болуп, оорунун саны 79 миң 303кө чейин көбөйгөн. Президент Шавкат Мирзиёев бир айдын ичинде биринчи кезекте Ковид-19га каршы эмделе тургандардын тизмесинин түзүлүүсүн талап кылды.

Эпидемиянын кесепетинен 1 миң 791 адам көз жумган жана жуктуруп алгандардын саны 102 миң 221 болгон Кенияда саламаттык сактоо министри Мутахи Кагве үчүнчү коронавирус толкуну эң каардуу толкун болушу мүмкүн деп эскертти. Адамдардын бет каптарын чечпешинин маанилүүлүгүн баса белгилеген Кагве: «Сиздерден суранам, маскаңызды чечпеңиз»,-деди.



Тектеш кабарлар