Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 23 киши каза болду.

1580613
Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Нигерияда куралдуу кишилер жасаган кол салууда 23 киши каза болду.

Кадуна аймагынын коопсуздук жана ички иштер комиссары Сэмуэль  Аруван берген маалыматында ким экени белгисиз куралдуу кишилердин аймактын Бирмин Гвари, Гива, Чукин, Ыгаби жана Кауру аймактарына кол салгандыгын белгиледи.

Аруван кол салууда 23 кишинин каза болгонун жана көптөгөн кишинин жаракат алгандыгын айтты.  Күч алган кол салуулардан улам аймакка дагы көп коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгендигин белгилеген Аруван окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылганын билдирди.



Тектеш кабарлар