Кытай АКШга каршылык көрсөттү

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Венб маалымат жыйын өткөрүп АКШга каршылык көрсөттү.

1580640
Кытай АКШга каршылык көрсөттү

Кытай АКШнын  деңиз флотунун эки учак ташуучу кемесинин Түштүк Кытай деңизинде биргелешкен машыгуу өткөрүшүнө каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Венбин маалымат жыйынында, «АКШ Түштүк Кытай деңизинде күчүн көрсөтүү үчүн кемелерин жана учактарын тынымсыз жөнөтүүдө. Бул региондогу тынчтыкка жана ырааттуулукка жардам берген мамиле эмес»,деп айтты.

Басма сөз катчы Ванг, Кытай улуттук суверендүүлүгүн жана коопсуздугун чечкиндүү коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөрүн жана Түштүк Кытай деңизинде тынчтыкты жана ырааттуулукту сактоо үчүн региондун өлкөлөрү менен кызматташарын белгиледи.

Француз деңиз флотунун эки кемесинин Түштүк Кытай деңизиндеги «сүзүү эркиндиги» миссиясы жөнүндө суралганда, Ванг ушул эле сөздөр менен жооп берди.

АКШнын деңиз флотунун USS Theodore Roosevelt жана USS Nimitz учак ташуучу кемелери менен алардын чабуулчу топтору Түштүк Кытай деңизинде биргелешкен машыгууларды өткөрүштү.

Өткөн жумада АКШ USS John McCain эсминецин башкаруучу ракеталары менен Түштүк Кытай деңизиндеги Кытай эгемендигин талап кылган Парацел аралдарынын жанына жөнөткөн жана Кытай армиясы аймакка аба жана деңиз унааларын жиберип, эсминецти алыстаткан.



Тектеш кабарлар