Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда 24 саатта 85 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны  155 280ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 858 300гө жогорулады.

1580819
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 миллион 353 458ден  ашты. Бейтап саны 107 миллион 501 000ге, айыккандардын саны 79 миллион 425 000 болду.

Индияда 24 саатта 85 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны  155 280ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 858 300гө жогорулады.

Россияда эпидемиядан улам 78 134 киши каза болду. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 4 миллион 12 000ге жогорулады.

иранда коронавирустан каза болгондордун саны 61ге көбкөйүп 58 686га, вирус жуккандардын саны 1 миллион 488 981ге жетти. 

Тунисте Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 7 332ге, бейтап саны 218 753кө жогорулады.

Ливанда саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда бир күндө Ковид  - 19дан 60 киши каза болуп, 2 879 киши вирус жуктурган. Жалпы өлкөдө вирустан улам каза болгондордун саны 3 737ге, вирус жуктургандардын саны 324 859га жогорулады.

Марокконун саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эпидемиядан 16 кишинин каза болгондугу, 536 жаңы учурдун катталгандыгы билдирилди. Акыркы маалыматтар менен бирге өлкөдө вирустан 8 424 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны да 476 125ке жогорулады.

Мьянмада Ковид  - 19дан улам ушул күнгө чейин 3 180 кииши каза болуп, 141 448 бейтап катталган. Өлкөдө 1 -  февралда болгон аскердик соккудан кийин дарыгерлер менен медициналык кызматкерлер тарабынан баштатылган жарандык баш ийбөөчүлүктүн Ковид  - 19 тесттеринин үзгүлтүккө учурашына жана саламаттык сактоо системасынын кыйрашына жол ачты.

Жалпы Африка  материгинде  каза болгондордун саны 96 350гө, вирус жугузгандардын саны 3 миллион 712 855ке жогорулады. Материкте Түштүк Африка Республикасы, Марокко, Тунис, Египет жана Эфиопияда эң көп бейтап аныкталды

Сахара чөлүндө ушул кезге чейин бир гана Сейшеллдер менен Маврикийде массалык эмдөө башталды. Түндүк Африкада эмдөөнү баштаган өлкөлөр Марокко, Алжир менен Нгипет болду.

Вирустун кесепетинен 482 киши каза болуп, 73 000ден ашуун киши вирус жуктурган Ганада 17 депутат жана 151 парламент кызматкеринен вирус аныкталды. Дезинфекциялоо үчүн парламенттин 2 -  мартка чейин жабык болору белгиленди. 

Түштүк Корея Oxford- AstraZenecaнын Ковид  - 19  вакцинасын бардык улуу кишилер үчүн колдонууну бекитти. 

Камбоджада массалык эмдөө иштери Кытай тарабынан берилген миллион доза коронавирус вакцинасы менен башталды. Өлкөнүн массалык эмдөө программасында премьер-министр Хун Сендин эки күйөө баласы менен уулу биринчилерден болуп  эмделди. Sinopharm вакцинасы 18 - 59 жаштагыларга бекитилгендиктен, 68 жаштагы Хун Сен эмделген жок. 

Израилде коронавирустан 5 233 киши каза болуп бейтаптардын саны 706 416га жогорулады. Өлкөдө бир айдан ашуун убакыттан бери келе жаткан карантин жана эмдөөнүн саясында акыркы күндөрдө Ковид  - 19  бейтаптарында төмөндөө болуп жатат. Ошол эле убакта Израилде качкындар менен мигрант жумушчулар да араларында болгон чет элдиктер да эмделе баштады. 

 



Тектеш кабарлар