Индиядагы мөңгү апаатында 26 киши каза болду

Ошол эле учурда селден кийин 42 адам калган эки тоннелден 16 адам куткарылып, калган 26 адамды куткаруу иштери уланууда.

1580161
Индиядагы мөңгү апаатында 26 киши каза болду

Индияда ажыраган мөңгү бөлүкчөсүнүн дарыяга түшүшү менен сел жүрүп, селде каза болгондордун саны 26га жогорулады. Кеминде 165 кишинин дайынсыз жок экендиги билдирилди.

Уттаракханд штатындагы Чамоли аймагындагы Дхаулиганга дарыясына мөңгүнүн түшүшү менен болгон сел Дхулигангада курулуп жаткан ГЭС менен Аланакандагы башка бир ГЭСке жана көп сандаган отурукташуу жерге зыян келтирди.

Аймакта 5 кишинин сөөгү табылды. Ушундайча окуяда каза болгондордун саны 31ге жетти. 160 кишиден кабар алына албай жатат. Жоголгон кишилердин көпчүлүгүн ГЭСте иштеген кишилер түзүп, аларды табуу үчүн жүздөгөн кызматкердин катышуусу менен куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. 

Ошол эле учурда селден кийин 42 адам калган эки тоннелден 16 адам куткарылып, калган 26 адамды куткаруу иштери уланууда.

Индиянын ички иштер министри Амит Шах Улуттук апаатка каршы күчү NDRFке караштуу  4 тотун окуя болгон жерге баргандыгын жана жардамчы топтордун да  Делиден Уттаракхандга бара жаткандыгын билдирди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар