Ливиянын премьер - министри Файиз ес - Серраж Кубис менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө шайлоого чейин өлкөнү башкара турган убактылуу башкаруунун белгиленишинен кийин аскердик жана экономикалык процесстердин да акырына чыгышы керектиги баса белгиленди.

Ливиянын премьер - министри Файиз ес - Серраж менен БУУнун Ливия атайын өкүлү болгон Кубис Ливиядагы аскердик жана экономикалык процесс тууралуу сүйлөштү. Ливиянын премьер - министрлигинен берилген маалыматка караганда Кубис Серражга телефон чалды.
Сүйлөшүүдө шайлоого чейин өлкөнү башкара турган убактылуу башкаруунун белгиленишинен кийин аскердик жана экономикалык процесстердин да акырына чыгышы керектиги баса белгиленди.
Жаңы башкаруунун чачыранды мамлекеттик мекемелеринин кайрадан биригишине мүмкүнчүлүк берилишине көңүл бурулган сүйлөшүүдө шайлоонун белгиленген күнү өткөрүлүшү керектиги билдирилди.
БУУнун жол башчылыгында 5 - февралда Швейцарияда чогулган Ливия саясий диалог форумунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен 2021 - жылы 24 - декабрда өткөрүлүшү пландалган шайлоого чейин Президенттик Кеңештин төрагалыгына Мухаммед Менфи, премьер - министрликке да Абдулхамид Дибейбе шайланды.
БУУнун Ливия колдоо миссиясы Ливиядагы аскердик жана экономикалык процессти иликтөөдө. Ушунун негизинде курулган 5 + 5 аскердик комитети ок атышпоонун түзүлүшүн, экономикалык процесс болсо финансылык мекемелердин биригүүсүн максат кылууда.
Тектеш кабарлар
АКШда полиция Африка тектүү 16 жаштагы кызды өлтүрдү
АКШнын Огайо штатында полиция кызматкерлери Африка тектүү 16 жаштагы кызды өлтүрдү.