Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 328 миң 488ден ашты.

1579527
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 328 миң 488ден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 106 миллион 735 миңден ашса, айыгып чыккандардын саны 78 миллион 436 миңден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон АКШда вирустан каза болгондордун саны 474 миң 933 болсо, оорулардын саны 27 миллион 611 миң 403тен ашты.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 231 миң 561ге жетти. Өлкөдө оорулардын саны 9 миллион 524 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада эпидемиянын кесепетинен курман болгондордун саны 166 миң 200гө, ал эми оорулардын саны 1 миллион 932 миңге чейин көбөйгөн.

Улуу Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 373 адам каза болуп, 15 миң 845 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 112 миң 465, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 945 миң 680 болду. Улуттук Статистика башкармалыгынын жүргүзгөн изилдөөсүндө өлкөдөгү 16 жаш жана анын астындагы  500 миң Ковид-19 учурунан 74 миңинде тесттер оң болуп чыккандан кийин белгилер болжол менен 5-жуманын аягында соң байкалгандыгы аныкталды. Өлкөдө Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасын алган адамдардын саны 12 миллион 14 миң 288ге жеткени маалымдалды.

Италияда эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде каза болгондордун саны 91 миң 273кө жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 11 миң 641ге көбөйүп, 2 миллион 636 миң 738ге жетти.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 171 адам көз жумду, каза болгон адамдардын саны 78 миң 965ке жетти. Бир күндө 19 миң 715 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 337 миң 48ге жетти.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 61 миң 386 болду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 971 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 62 миң 128ге, ал эми оорунун саны 2 миллион 291 миңге жетти.

Кытайдын Sinopharm фармацевтикалык компаниясы тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан 300000 доза вакцинанын биринчи партиясы Перуга жетти. Перунун президенти Франсиско Сагасти Твиттердеги билдирүүсүндө «Биз үчүн өмүрүн тобокелге салып, алдыңкы сапта согушуп жаткандар үчүн алгачкы эмдөөсүн жасоого даярбыз» деди. Ушул убакка чейин эпидемияда 42 миң 308 адам каза болгон Перуда, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 186 миң 698 болду.



Тектеш кабарлар