АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Шульц каза болду
Жордж П. Шульц 100 жашында Калифорниядагы үйүндө каза болду.
1579358

АКШ мурунку президенти Роналд Рейган мезгилинде 6 жылдан ашык мамлекеттик катчы болуп иштеген Жордж П. Шульц каза болду.
Жордж П. Шульц 30 жыл иштеген Стэнфорд университетинин Гувер институту берген билдирүүгө караганда мурунку мамлекеттик катчы 100 жашында Калифорниядагы үйүндө каза болгон
Рейган мезгилинде Советтер Союзу менен жүргүзүлгөн «Кансыз согуш» дипломатиясынын негизги аныктоочу факторлорунун бири деп эсептелген Шульц Ричард Никсон президент болуп турганда каржы жана эмгек министри кызматын аткарган.