АКШда эң престиждүү юридикалык журналга биринчи жолу бир мусулман директор болуп шайланды

АКШнын мурунку президенти Барак Обама да  1990 - жылы сөз болуп жаткан журналдын Африка тектүү биринчи директору болгон.

1579194
АКШда эң престиждүү юридикалык журналга биринчи жолу бир мусулман директор болуп шайланды

АКШнын алдыңкы университеттеринен Гарвард юридикалык факультети жарыялаган өлкөнүн эң престиждүү юридикалык журналы Law Reviewдин жетекчиси катары биринчи жолу бир мусулман дайындалды.

134 жылдык журналдын директорлугуна 26 жаштагы мусулман студент Хассан Шахави дайындалды. Теги Египеттен болгон Калифорнияда туулган Шахави жаңы кызматынын юридикалык факультетинин түрдүүлүккө маани  бергендиги жана башка юридикалык салттарына болгон урмат  - сыйды көрсөтүү жактан маанилүү экендигин айтты.

2016 -  жылы Гарвард университетинен Жакынкы Чыгыштын тарыхы жана эмгектери боюнча бүтүргөн Шахави Оксфорд университетинде да Жакынкы Чыгыш жана ислам мыйзамы тууралуу доктора программасында окуду. Шахави учурда качкындардын саны жана АКШнын кылмыш мыйзамдарын реформалоо боюнча иш алып барууда.

АКШнын мурунку президенти Барак Обама да  1990 - жылы сөз болуп жаткан журналдын Африка тектүү биринчи директору болгон.



Тектеш кабарлар