Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...Акыркы кырдаал...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 2 миллион 322 миң 53төн ашты.

1578885
Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...Акыркы кырдаал...
korona1.jpg
korona2.jpg
korona4.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 2 миллион 322 миң 53төн ашты. Вирусту жуктургандардын саны 106 миллион 427 миңден ашты, ал эми айыгып кеткендердин саны 78 миллион 85 миңди түздү.

Эпидемиядан каза болгондордун саны 473 миң 543 болгон  эпидемиянын чордону АКШда вирус жуктурган адамдардын саны 27 миллион 521 миңден ашты. АКШнын Жогорку Соту Калифорния штаты коронавируска байланыштуу үйдө жапырт сыйынууга тыюу сала албайт деген чечим чыгарды.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 231 миң 69га жетти. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 497 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада эпидемиядан улам каза болгондордун саны 165 миң 786га, ал эми оорулардын саны 1 миллион 926 миңге чейин көбөйгөн.

Англияда вирустун айынан каза болгондордун саны 112 миң 92, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 929 миң болду.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 91 миң 3кө көбөйдү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 625 миңге чейин көбөйгөн.

Францияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 78 миң 794. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 317 миңге чейин көбөйгөн. Францияда депортациялангандыгы үчүн кармалган 4 иммигрант коронавирустук тесттен баш тартканы үчүн 3 айга камакка алынды.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 61 миң 386 болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 971 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 61 миң 998ге, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 284 миңге чейин көбөйдү.

Австралияда 909 адам вирустан көз жумду. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 28 миң 850 болгон. Премьер-министр Себастьян Курц эгерде Орусиянын Sputnik V коронавирустук вакцинасынын жаңы түрү жана кытай вакцинасы Европа Биримдигинен керектүү жактырууну алса, анда анын өлкөсүндө өндүрүлө тургандыгы айтылды.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 155 миң 32ге жетти. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 10 миллион 827 миңге жетти.

Эпидемиянын айынан Россияда адамдардын өлүмү бир күндө 432ге көбөйүп, 76 миң 661ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 16 миң 48ге көбөйүп, 3 миллион 967 миңге жетти.

Ковид-19дан каза болгондордун саны 58 миң 469га, ал эми жуктургандардын саны 1 млн 466 миңге жеткен Иранда Саламаттык сактоо министри Саид Немеки Россиядан алынган коронавирустун жаңы түрүнө каршы иштелип чыккан "Sputnik V" вакцинасынын эң оболу реанимация бөлүмүндө иштеген саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмделе тургандыгын айтты.

Эпидемиянын кесепетинен 4 миң 636 адам каза болгон жана оорунун саны 89 миң 692 болгон Кытайда, 15-декабрдан бери 32 миллион адам Ковид-19 эмдөөсүнөн өткөн.

Ковид-19 эпидемиясынын кесепетинен Тунисте адамдардын өлүмү 7 миң 162ге, ал эми жуктургандардын саны 216 миң 176га чейин көбөйгөн.

Мароккодо вирустан каза болгондордун саны 8 миң 381, ооруга чалдыккандардын саны 474 миң 966 болду.

Алжирде коронавирустун айынан каза болгондордун саны 2 миң 911ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 108 миң 852ге жеткен.

Мьянмада 3 миң 168 адам вирустан көз жумду. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 141 миң 304 болгон. Мьянма коронавирустун жаңы түрүнө каршы Россия тарабынан иштелип чыккан Sputnik V вакцинасын колдонууну бекитти.

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрүнөн улам бир күндө 278 адам каза болуп, каза болгондордун саны 46 миң 180ге жетти. Өлкөдө оорулардын саны бир миллион 473 миңден ашты.

Оксфорд университети жана AstraZenecaнын биргелешип иштеп чыккан коронавирустук вакцинанын жаңы түрү алгач Түштүк Африка Республикасында байкалган вирустун мутацияланган түрүнө каршы анча натыйжалуу эместиги аныкталды.



Тектеш кабарлар