Айрым вакциналар коронавирустун мутацияланган түрүнө анчалык таасир бербей жатат

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 322 миң 53төн ашты.

1578880
Айрым вакциналар коронавирустун мутацияланган түрүнө анчалык таасир бербей жатат

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 322 миң 53төн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 106 миллион 427 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 78 миллион 85 миңден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 155 миң 32ге жетти. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 10 миллион 827 миңге жетти.

Эпидемиянын айынан Орусияда адамдардын өлүмү бир күндө 432ге көбөйүп, 76 миң 661ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 16 миң 48ге көбөйүп, 3 миллион 967 миңге жетти.

Ковид-19дан каза болгондордун саны 58 миң 469га, ал эми жуктургандардын саны 1 млн 466 миңге жеткен Иранда Саламаттык сактоо министри Саид Немеки Россиядан алынган коронавирустун жаңы түрүнө каршы иштелип чыккан "Sputnik V" вакцинасынын эң оболу реанимация бөлүмүндө иштеген саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмделе тургандыгын айтты.

Эпидемиянын кесепетинен 4 миң 636 адам каза болгон жана оорунун саны 89 миң 692 болгон Кытайда, 15-декабрдан бери 32 миллион адам Ковид-19 эмдөөсүнөн өткөн.

Ковид-19 эпидемиясынын кесепетинен Тунисте адамдардын өлүмү 7 миң 162ге, ал эми жуктургандардын саны 216 миң 176га чейин көбөйгөн.

Мароккодо вирустан каза болгондордун саны 8 миң 381, ооруга чалдыккандардын саны 474 миң 966 болду.

Алжирде коронавирустун айынан каза болгондордун саны 2 миң 911ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 108 миң 852ге жеткен.

Мьянмада 3 миң 168 адам вирустан көз жумду. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 141 миң 304 болгон. Мьянма коронавирустун жаңы түрүнө каршы Россия тарабынан иштелип чыккан Sputnik V вакцинасын колдонууну бекитти.

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрүнөн улам бир күндө 278 адам каза болуп, каза болгондордун саны 46 миң 180ге жетти. Өлкөдө оорулардын саны бир миллион 473 миңден ашты.

Оксфорд университети жана AstraZenecaнын биргелешип иштеп чыккан коронавирустук вакцинанын жаңы түрү алгач Түштүк Африка Республикасында байкалган вирустун мутацияланган түрүнө каршы анча натыйжалуу эместиги аныкталды.



Тектеш кабарлар