Кытайдын кемелери Япониянын аймактык сууларына кирип кетишти

Кытайдын кемелери аймактык суулардын эрежелерин бузушту.

1578275
Кытайдын кемелери Япониянын аймактык сууларына кирип кетишти

Кытайдын жээк күзөт кемелери Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын аймактык сууларына кирип кетишти.

Япониянын түштүк-батышындагы Окинава аймагындагы Наха шаарында жайгашкан 11-аймактык жээк коопсуздугун камсыздоо боюнча штабдын маалыматына караганда, Кытайдын кемелери аймактык суулардын эрежелерин бузушту.

Кытайдын жээк күзөтүнө таандык эки кеме жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:45 чамасында Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын аймактык сууларына кирип кетишти.

Кемелер Минамикожима аралынан 22 чакырым түштүктө жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.52 чамасында Япониянын балык уулоочу кемелерине жакын келишти. Ушундайча аймакка япон фрегаттары жөнөтүлдү.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, Кытайга таандык дагы эки кеме да Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын аймактык сууларына жакын сүзүп өтүштү. 



Тектеш кабарлар