Францияда жарылуу болду

Жарылууга газдын себеп болгондугу болжолдолууда.

1578487
Францияда жарылуу болду

Франциянын Бордо шаарындагы имараттагы жарылууда 9 адам жаракат алып алардын ичинен бир адамдын абалы оор жана   2 адам дайынсыз жоголду.

Чоң чыгымга жол ачкан жарылууга газдын чыгышы себеп болушу мүмүк экендиги болжолдолууда.

Имараттын гараж бөлүгүндө болгон жарылуудан имараттын айланасындагы имараттар дагы жабыркаган.

Жетекчилер жарылуудан кийин дайынсыз жоголгон 2 адамды издөө иштери улантылып жаткандыгын билдирип, окуя болгон жерге көптөгөн өрт өчүрүүчү унаалардын жөнөтүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар