Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дүйнөнүн шайын оодарууда.

1577668
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
SPR bogota covid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 294 миң 550гө жетти. Вируска чалдыккандардын саны 105 миллион 422 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 77 миллион 114 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дан каза болгондордун саны 466 миң 988ди түздү. Ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 27 миллион 273 миң 890го жетти.

Улуу Британияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 915 адам көз жумуп, 20 миң 634 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 110 миң 250гө, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 892 миң 459га жогорулады.

Италияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 422 адамдын каза болушу менен жалпы сан 90 миң 241 адамга жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 13 миң 659га көбөйүп, 2 миллион 597 миң 446ны түздү.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 357 адам көз жумуп; жалпы сан 77 миң 952ге жогорулады. Бир күндө 23 миң 448 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 274 миң 608ге жетти. Экинчи жагынан өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, француздардын 71 пайызы өкмөттүн пандемияга байланыштуу “өз убагында туура чечимдерди кабыл албаганын” ойлоп жатышат.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутканын ичинде 432 адамдын өлүмү менен жалпы сан 60 миң 802ге жетти. Ушул эле мезгилде 29 миң 960 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 943 миң 349ду түздү.

Ковид-19дан 55 миң 131 өлүм, 2 миллион 135 миң 412 учур катталган Түштүк Америка өлкөсү Колумбия, кытайлык Sinovac фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан CoronaVac вакцинасынын шашылыш колдонулушун бекитти.

Пандемияда 41 миң 753 адам каза болуп, 1 миллион 165 миң 52 адамга вирус жуккан Перуда 3 шаарда вирустун Бразилияда байкалган түрү табылды.



Тектеш кабарлар