Алексей Навальныйды дарылаган дарыгер күтүүсүз каза болду

Орус оппозициячыл Алексей Навальный уулангандан кийин алып барылган ооруканада дарылаган дарыгер каза болду.

1578020
Алексей Навальныйды дарылаган дарыгер күтүүсүз каза болду

Орус оппозициячыл Алексей Навальный уулангандан кийин алып барылган ооруканада дарылаган дарыгер каза болду.

Россиянын Омск шаарындагы ооруканадан берилген билдирүүдө 55 жаштагы Сергей Максимишин аттуу дарыгердин өлүмүнүн «күтүүсүз»  болгондугу белгиленди.

"Омск No1 тез жардам ооруканасынын наркоз жана реанимация иштери боюнча башкы дарыгердин орун басары Максимишин Сергей Валентинович күтүүсүздөн көз жумду", - деп айтылат билдирүүдө жана дарыгердин өлүм себеби жөнүндө маалымат берилген жок.

Кремлге каршы Алексей Навальный былтыр 20-августта учак сапарында ден соолугу начарлап Омск шаарындагы ооруканага түшкөн. Россиялык оппозициячылдын дарылануусунан жооптуу улук дарыгер эл аралык коомчулук жакындан кызыкканына карабастан оппозициячылдын ден соолугу жөнүндө басма сөзгө  маалымат берген эмес.

Омск шаарындагы ооруканада эки күн жаткан Навальный кийин Германиянын Берлин шаарындагы ооруканага которулган. Бул жерде жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгында Навальныйдын нерв ооруларына каршы күрөшүү үчүн колдонулган "Новичок" тобуна таандык химикат менен уулангандыгы аныкталды. Навальный менен бирге Батыш өлкөлөрү уулануу окуясынын артында Россиянын президенти Владимир Путиндин тургандыгын жактаса, Москва бардык айыптоолорду четке кагууда.

Навальныйдын жакын чөйрөсүнөн болгон Леонид Волков CNNге берген маегинде, Омск ооруканасында оппозициячылды дарылаган Максимишин Навальныйдын ал кездеги абалы жөнүндө башкалардан дагы көп билгендигин, ошондуктан дарыгердин өлүмү тууралуу шектенүүлөргө көңүл бурбай койо албай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар