Россияда оппозициячыл Алексей Навальныйдын шарттуу кесилиши кадимки абакка айландырылды

Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын өтүнүчү менен Навальныйга каршы козголгон иш Москва шаардык сотунда каралды.

1576405
Россияда оппозициячыл Алексей Навальныйдын шарттуу кесилиши кадимки абакка айландырылды

Россияда оппозициячыл Алексей Навальныйдын 3,5 жылдык шарттуу кесилиши соттун көзөмөлдөө талаптарын аткарбаганы үчүн кадимки абакка айландырылды.

Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын өтүнүчү менен Навальныйга каршы козголгон иш Москва шаардык сотунда каралды.

Соттун төрайымы Наталья Репникова сот отурумуна катышкан Навальныйдын өкүмүн анын көзүнчө окуду.

Буга ылайык, Навальныйга мурунку коррупциялык иштин натыйжасында берилген 3,5 жылдык кийинкиге калтырылган жаза мөөнөтү соттун көзөмөлдөө талаптарын аткарган жок деген жүйөө менен кадимки абакка айландырылды.

Сот Навальныйды буга чейин үй камагында өткөргөн 10 айын эске алып, калган жазасын абакта өтөөгө милдеттендирди.

Навальный 10 күндүн ичинде соттун чечимине каршы даттана алат.

Чечим жарыялангандан кийин, полиция күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көргөн борбор шаар Москвадагы Кремль сарайынын  жанындагы Манеж аянтына ар кайсы көчөлөрдөгү көпчүлүгү жаштардан турган топтор чогулду.

Шаардын борбордук көчөлөрүндө президент Владимир Путинге каршы ураандарды кыйкырып, элди көчөгө чакырган топторго полиция мезгил-мезгили менен катуу кийлигишип, көптөгөн демонстранттарды кармады.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары,  Санкт-Петербургда дагы оппозициячылдар көчөгө чыгып, нааразычылыгын билдиришти. Полиция ондогон демонстранттарды кармап, митингчилерди таркатты.

Экинчи жагынан, АКШнын мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен Москва шаардык сотунун орус оппозициясы Алексей Навальныйга чыгарган өкүмүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.



Тектеш кабарлар