Мьянмада төңкөрүштөн кийин алгачкы кабинет жыйыны өттү жана бир канча киши эркин кое берилди

Бул тууралуу Мьянма армиясынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялады.

1576832
Мьянмада төңкөрүштөн кийин алгачкы кабинет жыйыны өттү жана бир канча киши эркин кое берилди
myanmar- halk-asker.jpg
myanmar darbe.jpg
myanmar darbe .jpg

Мьянмада 2020-жылдын 8-ноябрындагы парламенттик шайлоолордо бурмалоолор болгону жөнүндө талаш-тартыштардан кийин 1-февралда аскердик төңкөрүш менен бийликтин кулатылышын улай жаңы министрлер кабинетинин биринчи жыйналышы өткөрүлдү.

Мьянма армиясынын маалымат бөлүмү жасаган билдирүүдө министрлер кеңешинин жыйыны Президенттик сарайда башкы штабдын башчысы жана президент Мин Аунг Хлаинг, төраганын орун басары Мьинт Све жана кечээ кызматтан алынган министрлердин ордуна дайындалган  9 кабинет мүчөсүнүн катышуусу менен өткөнү маалымдалды.

Жыйналышта президент Хлаингдин министрлер менен өзгөчө кырдаалдын алкагында бир жылга созула турган иш-аракеттер планын сүйлөшкөнү белгиленди.

Ошондой эле, ички саякат жана туризмди улантуу, ибадатканаларды жана сыйынуучу жайларды ачуу, экономика секторунун ишин Ковид-19 иш-чараларына ылайык улантуу, экономиканы жандандыруу жана жумуш орундарын көбөйтүү сыяктуу маселелер өкмөттүн жыйынында талкууланганы маалымдалды.

Төңкөрүшкө чейин кармалган өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри жана өлкөнүн иш жүзүндө лидери Су Чжинин партиясы болгон Улуттук Демократиялык Биримдиктин (NLD) администрациясы, Су Чжинин кармалып турган жеринде ден-соолугу жакшы экенин жарыялады.

Партиянын билдирүүсүндө, бийлик өкүлдөрү Су Чжинин кармалып турган жери жөнүндө маалымат беришпегени айтылган.

Су Чжинин 2 жумага камакка алынаары белгилүү болду.

Массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда аскердик сот Су Чжиге өлкөнүн импорт жана экспорттоо мыйзамдарын бузду деген айып такты.

Су Чжинин «өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен алып келинген полициянын радиолорун жана кийимин сактаган» деп айыпталып, ага коюлган айыптар жактырылса, 3 жылга чейин эркинен ажыратылаары белгиленди.

Су Чжи менен бирге 2 жума камакта отура турган экс-президент Вин Мьин коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы чараларды бузгандыгы менен айыпталды.

1-февралда эртең менен кармалган 400 адам, анын ичинде мурдагы башкаруучу партия Улуттук демократиялык биримдиктин депутаттары жана сенаторлор камалган аскердик штабдан бошотулгандыгы кабарланды.

Мьянма армиясы кечээ эртең менен мамлекеттик төңкөрүштө кармалган айрым өкмөт мүчөлөрүн дагы бошотту.

Экинчи жагынан, өлкөдөгү төңкөрүшкө каршы чыккандар армиянын бийликти басып алышына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. 74 оорукананын саламаттыкты сактоо кызматкерлери төңкөрүшкө жарандык баш ийбестик көрсөтүп, иш таштоо акциясын башташты.



Тектеш кабарлар