Кабулда террордук кол салуу болду

Кол салууда 1 полиция каза болуп, 3 полиция жаракат алды.

1576585
Кабулда террордук кол салуу болду

Афганистандын Урузган аймагында аскердик пунктка бомба жагаштырылган унаа менен жасалган кол салуда 4 коопсуздук кызматкер каза болду. 

Урузган губернатору Мухаммед Өмер Ширзад басма сөзгө берген маалыматында кол салуучулардын бомба жайгаштырылган унаа менен Чырнак аймагындагы аскердик пунктту бутага алгандыгын айтты. Ширзад кол салууда 4 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун, 3 коопсуздук кызматкердин жаракат алгандыгын белгиледи. 

Афганистандын борбор шаары Кабулда полициянын унаасына жасалган бомбалуу кол салууда 1 полиция каза болду.

Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Фердевс Фарамарз борбор шаардын Танги Тарахил аймагында  полиция унаасын бутага алган бомбалуу кол санунун болгондугун айтты. Фарамарз кол салууда 1 полициянын каза болгондугун, 3 полицянын да жаралангандыгын белгиледи.

Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар