Израилдик министр : "АКШ эч качан Иранга кол салбайт"

Ирандыктардын Израилге жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнүн «чектүү» экендигин айткан Ханегби  : «Израиль өзөктүк бир Иранды кабыл алып же албай тургандыгына чечим чыгарышы кере»,- деди.

1576519
Израилдик министр : "АКШ эч качан Иранга кол салбайт"

Израилдин Калктуу конуштар министри Цзачи Ханегби АКШ армиясынын эч качан Ирандын өзөктүк объектилерин атпай тургандыгын белгилеп,  Израилдин жалгыз өзү аракет кылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Ханегби Израиль Коомдук телерадио корпорациясы KANга берген маалыматында  Тегеран башкаруусунун өзөктүк  иш - аракеттерине жолтоо болуу үчүн келечекте  (Иранга аскердик кол салуудан) башка варианттын жок болушу мүмкүн экендигин айтып : «АКШ эч качан Ирандагы өзөктүк комплекстерге кол салбайт. Израиль бул коркунучту жок кылуу үчүн көз карандысыз кыймыл кылууга мажбур болушу мүмкүн»,- деди.

Ирандыктардын Израилге жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнүн «чектүү» экендигин айткан Ханегби  : «Израиль өзөктүк бир Иранды кабыл алып же албай тургандыгына чечим чыгарышы кере»,- деди.

Жо Байдендин АКШда президенттик орундукка отурушунан кийин израилдик жетекчилердин Ирандын өзөктүк иш – аракеттерине каршы билдирүүлөрү көңүлдөрдү бурууда.

Израилдин энергетика министри Министер Ювал Стеиниц да KANга берген билдирүүсүндө Ирандын атомдук өзөктүк бомба жасоодон 1 – 2  жыл алыс экендигин ортого салды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мурунку күнү NBC каналына берген маалыматында Иран өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык чектөөлөрдү жойсо, анда өзөктүк куралга керектүү болгон уранды бир нече жуманын ичинде алат деп билдирген.



Тектеш кабарлар