Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Индияда эпидемиядан улам 24 саатта 93 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны  154 521ге жетти.

1575887
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллион 249 875тен ашты. Бейтап саны 104  миллион 10 000ден, айыккандардын саны  75 миллион 856 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам 24 саатта 94 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны  154 522ге жетти.  Бейтап саны 10 миллион 767 206га болду.

Иранда Ковид  -19  эпидемиясында 24 саатта 72 киши каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 58011 болду. 6 820 жаңы учур катталган өлкөдө жалпы бейтаптардын саны да 1 миллион 431 416га жетти. 

Россияда эпидемиядан улам 74 158 киши каза болду. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны 3 миллион 884кө жетти.

Кытайда эпидемиядан 4 636 киши каза болуп, бейтап саны бир күндө 30га көбйөүп 89 594кө жетти. ДСУ делегациясы коронавирустун тегин иликтөө үчүн эпидемия чыккан Уханда жаныбар оорулары борборунда иликтөө жүргүздү.

Эпидемиядан улам 5 846  киши каза болуп, 392 475 киши вирус жуктурган Японияда премьер  - министр Суга Йошихиде : «Бейтап саны азайды. Бирок эпидемия менен күрөшүүнү улантабыз»,- деп өлкөдөгү  өзгөчө кырдаалдын  7 -  мартка чейин узартыларын жарыялады. Ошол эле учурда Ковид  - 19га карата көрүлгөн чараларга карабастан «Үйдө бол» чакыруусуна баш ийбестен түнкү сааттарда Токиодо көчөгө чыккан бийликтеги Либерал демократ партиясынын коалиция өнөктөшү Комеитонун мүчөсү Тояма Киохико парламенттен чыкты.

Египетте Ковид  - 19  вакцинасын алуу үчүн кайрылган 30 000 дарыгерден 12 000 дарыгер вакцина алды. Медицина кызматкерлерине карата эмдөө процесси 21 -  январда башталган Египетте алдыбыздагы жумаларда да 65 жаштан жогору болгон кишилерди эмдөө процессинин башталышы күтүлүүдө.

2093 киши вирустан каза болгон, бейтап саны 137 000ден ашуун болгон Эфиопияда саламаттык сактоо министрлиги жылдын акырына чейин калкты 20 пайызынын коронавируска каршы эмделерин белгилди.

Ковид  - 19дан   2 894 киши каза болуп, 107 578 бейтап катталган Алжирде  өкмөт Sputnik V вакцинасын өндүрүү тууралуу Россия менен келишти. Sputnik Vнын Алжирде өндүрүү иштерин келерки жумада баштайт. 

 



Тектеш кабарлар