Сирияда Асад режими менен ПКК/ЙПГнын ортосунда кагылышуу болду
Террордук уюм менен Асад режиминин ортосунда Сириянын түндүгүндөгү тирешүү жаңжалга айланды.
Асад режиминин элементтери менен Сириянын түндүгүндөгү Хасеке провинциясындагы террордук уюм ЙПГ/ПККнын ортосундагы «курчоо» боюнча чыккан кагылышууда бир режим күч элементи өлтүрүлүп, 4 режим элементи жаракат алды.
Террордук уюм менен Асад режиминин ортосунда Сириянын түндүгүндөгү тирешүү жаңжалга айланды.
Бир тараптан Асад режиминин тарапкерлери Сириянын түндүгүндөгү Камышлы районунда Орусиянын аскер базасы жайгашкан аймакта ЙПГ/ПККга каршы демонстрация өткөрүштү.
ЙПГ/ПККдан Асад режиминин аскерлери турган коопсуздук пункттарына курчалган блокадага чекит коюуну талап кылган демонстранттар, Орусиянын аба базасы жайгашкан аэропорттун ичине чейин барышты.
Орусиянын ЙПГ/ПКК ишке ашырууларына кийлигишүүсүн талап кылган демонстранттар ураан чакыргандан кийин тарап кетишти.