Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 230 миң 306дан ашты.

1574435
Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...
covid SPR.jpg
ispanya covid 2.jpg
Covid Süper.jpg
covid -19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 230 миң 306дан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 103 миллион 170 миң, ал эми айыгып чыккандардын саны 74 миллион 820 миңди түздү.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 450 миң 381 болду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 26 миллион 655 миң деп катталды.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 223 миң 971ге жетти. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын  саны 9 миллион 176 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада эпидемиядан улам каза болгондордун саны 158 миң 74кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 857 миңге чейин көбөйгөн.

Англияда вирустун айынан каза болгондордун саны 105 миң 571, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 796 миң болду. Британдык Англикан чиркөөсүнүн архиепискобу Жастин Уэлби Европа Биримдигин (ЕС) "христианчылыктын социалдык доктринасынан шыктанган" коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцинасын экспорттоону көзөмөлдөө менен ушул баалуулуктарды бузду деп айыптады.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 88 миң 279 адамга чейин көбөйдү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 541 миңге жетти.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 75 миң 862, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 177 миң болду.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 58 миң 319 болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 830 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 57 миң 512ге, ал эми оорунун саны 2 миллион 217 миңге жетти.

Колумбияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 53 миң 650гө көтөрүлдү. Өлкөдө бул ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 86 миңди түзгөн. Колумбияда вирустун тезирээк тараган мутацияланган түрү табылган.

Айрым башка өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүдөй:

Аргентина 47 миң 931, Перу 40 миң 857, Польша 37 миң 82, Украина 22 миң 628 жана Бельгия 21 миң 66.



Тектеш кабарлар