Германияда түрк тектүү ректор

Германияда түрк тектүү физик, профессор доктор Метин Толан Геттинген университетинин ректору болуп шайланды.

1573287
Германияда түрк тектүү ректор

 Германияда түрк тектүү физик, профессор доктор Метин Толан Геттинген университетинин ректору болуп шайланды.

Геттинген университетинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, университеттин сенаты бир добуштан Толанды ректор кылып шайлагандыгы жана шайлоонун университеттин камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилгендиги белгиленди.

Толандын миссиясын жаз айларында баштай тургандыгы  билдирилди.

Ректор болуп шайланган профессор доктор Метин Толан өзүнө көрсөтүлгөн ишенимден улам кубанычтуу  экендигин билдирип : «Эң мыкты университеттердин бирине  ректору болуп шайлануу абдан чоң сыймык.  Университетти келечектеги милдеттерине даярдоо  үчүн дагы көп аракет кылабыз», - деди.

Атасы түрк, энеси немис болгон Толан 1965-жылы Шлезвиг-Гольштейн штатындагы Ольденбургда туулуп, Киль университетинде физика - математика факультетинде окуп, 1993 - жылы доктор наамын алган.

Толан 2004 -  2008 - жылдары Дортмунд техникалык университетинин физика факультетинин деканы, 2008  -2020 - жылдары ректорлор кеңешинин мүчөсү жана проректор болуп иштеген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар