General Motors 2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларды чыгарууну токтотот

Компаниянын билдирүүсүндө General Motors 2040 -жылга чейин глобалдык продукцияларында жана ишинде көмүртек боюнча нейтралдуу болууну пландап жатканы билдирилди

1573634
General Motors   2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларды чыгарууну токтотот

Американын General Motors авто унаа чыгаруучу компаниясы 2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларды чыгарууну токтотуп, электромобилдерди гана чыгарууну пландап жаткандыгын жарыялады.

Компаниянын билдирүүсүндө General Motors 2040 -жылга чейин глобалдык продукцияларында жана ишинде көмүртек боюнча нейтралдуу болууну пландап жатканы билдирилди.

Билдирүүдө General Motorsтун толугу менен электрдүү келечек үчүн  жалпы көз карашты иштеп чыгууга көңүл буруп, компаниянын 2035 -  жылдан тарта бир гана электрдүү унаа өндүрүүнү максат кылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө компаниянын нөлдүк чыгаруучу унааларды сунуштоо жана керектүү кубаттоочу инфраструктураны түзүү сыяктуу маселелерде бардык кызыкдар тараптар менен иштешүүгө көңүл бураары айтылып, келерки 5 жылда электрдүү унаалардын изилдөө  - өнүктүрүү иштери жана өндүрүшкө 27 миллиард доллар инвестиция салуусу жана рынокко 30 электромобилдин моделин чыгаруу пландалып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар