Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда Ковид – 19дан 154 47  киши каза болду.

1573552
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны  2 миллион  203 430га жетти. Бейтап саны 102 миллион 156 000ден, айыккандардын саны 74 миллион 4 000ден жогорулады.

Индияда Ковид – 19дан 154 47  киши каза болду. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны да 10 миллион 720 971 деп катталды.

Японияда вирустан 5 361 киши каза болуп, 375 607 бейтап катталып, парламент коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде 19, 18 триллион йендик финансылык жылдын үчүнчү кошумча бюджетин бекитти.

Ливанда Ковид  - 19дан 68, Мароккодо 17 киши дагы каза болду. Бул маалыматтар менен каза болгондордун саны Ливанда 2 621, Мароккодо 8 224кө жетти. Ливанда экономикалык кризис жана Ковид  - 19дан улам ишке кирген карантинге каршы нааразычылык акцияларында 115 киши жараланды.  

Египетте Ковид  - 19дан 9 169 киши каза болуп, 164 282 бейтап катталды. Парламенттин саламаттык сактоо комитетинин төрагасы Эшреф Хатим өкмөттүн бардык жарандарга коронавирус вакцинасын бере албай тургандыгын айты. Бириккен Араб Эмираттары менен Израиль сыяктуу өлкөлөрдүн да бардык жарандарына вакцина жеткире албай тургандыгын  айткан Хатим бир топ өлкөнүн калкынын 50 – 60 пайызына агана вакцина жеткире аларын белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы өлкөдө карантин киргизүү чечими чыгарылды. Гирнеде 28 -  январдан 10 -  фералга чейинжергиликтүү убакыт боюнча саат 29: 59да  Лефкошада болсо 28 -  январдан 3 -  февралга чейин 23:59га чейин созулат. Газимагуса, Гүзелюрт, Искеле жана Лефкенин болсо 29 -  январда 00:01ден тарта 3 -  февраль 23: 59га чейин карантиндин киргизилишине чечим чыгарылды. 47 жаңы учур катталган өлкөдө жалпы бейтап саны 2 208ге жетти. 

Жаңы типк оронавируска каршы эмдөө процесси баштала элек Грузияда март айында эмдөөнүн башталары жана жлдын акырына чейин калктын 60 пайызы эмделет. Ушул күнгө чейин өлкөдө эпидемиядан улам 3 148 бейтап каза болуп, вирус жуктургандардын саны 256 956 болду. 

Ковид  - 19дан улам Россияда каза болгондордун саны 72 185ке, Иранда 57 807ге, Индонезияда 29 518ге, Иракта 13024кө, Пакистанда 11 560ка, Бангладеште 8087ге, Израилде 4 696 000ге жогорулады. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар