Жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа кагышты
Камерунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
1572310

Камерундун Дшанг шаарында жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып 53 адам каза болду, 29 адам жаракат алды.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Дшанг шаарына жакын жердеги Фалаезе аймагында 70тей жүргүнчүнү ташыган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүштү.
Кагышуунун кесепетинен унаалар өрттөнгөн кырсыктан 53 адам көз жумуп, 29 адам жаракат алды.
Жетекчилер каза болгондордун санынын көбөйү мүмкүн экенине тынчсызданып жатышат.
Тектеш кабарлар
Байден бийлиги эртең Сауд Арабиясы тууралуу билдирүү жарыялайт
Жо Байден Ак үйдүн бакчасында Сауд Арабиясы тууралуу медиа мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.