Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны  2 миллион 170 400дөн жогорулады

1572027
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны  2 миллион 170 400дөн жогорулады. Бейтап саны 100 миллион 965 000ден, айыккандардын саны 72 992 000ден жогорулады. 

Индияда эпидемиядан каза болгондордун саны 153 751ге жетип, вирус жугузган бейтап саны 10 миллион 690 000ден жогорулады. 

Россияда бир күндө  Ковид  - 19дан 594 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 71076га жетти. Өлкөдө ошол эле убакытттын ичинде бейтап саны 17 741ге көбөйүп 3 миллион 774 000 болду. Борбор шаар Москвада Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралар жумшатылууда. Ушуга караганда саат  23: 00- 06:00 арасында иштери токтотулган көңүл ачуу жерлери, ресторан, бар жана кафелер иштей баштайт. 

Иранда эпидемиядан улам 57 651 киши каза болуп Россиянын коронавируска каршы чыгарган Sputnik V вакцинасынан 2 миллион доза импорттоп аларын жарыялады. 

Жалпы Африка материгинде Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 87070ке,  вирус жуктургандардын саны 3 миллион 492 390го жетти. Материктеги Түштүк Африка Республиксында 24 саатта 680 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 41 797ге жогорулады. Өлкөдө 1 миллион 423 578 бейтап бар.

Коронавирустан каза болгондордун саны 507, вирус жугузгандардын саны 122 996га жеткен Нигерияда Ковид  - 19дун мутацияга учурап, дагы ылдам жайылган түрү (B117) белгиленди.

Зимбабведе кабинеттен 4 министрдин Ковид  - 19дан улам каза  болушунан кийин өкмөт кызматкерлердин үйдө иш алып барышына чечим чыгарды. Ушул күнгө чейин 31 646 кишиде Ковид  - 19 аныкталагн өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 1075ке жетти.

Сахаранын түштүгүндөгү Африкада массалык эмдөөнү баштаган өлкөлөр Сейшел жана Маврикий болду.

Вирустан улам 592 киши каза болгон, вирус жуктурган киши саны 25 127ге жеткен Сенегалда эпидемиядан улам 6 -  январда ишке кирген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүнүн толушунан кийин саламаттык сактоо тармагында чукул абал жарыяланды. Дакар менен Тис аймактарында 21:00 – 05:00 саттарынын арасында коменданттык саат 20 -  февралга чейин улантылат.

Синовак Бионтех тарабынан иштелип чыккан Ковид - 19 вакцинасынын экинчи дозасы Индонезияда колдонула баштады. Вакцинанын экинчи дозасы биринчи президент Жоко Видодого берилди. Өкмөт келерки жылга чейин 181,5 миллион кишини эмдөөнү көздөп жатат. Өлкөдө ушул кезге чейин 1 миллион 24 298 киши  Ковид - 19 вирусун жуктуруп, 28 855 киши каза болду.

Эпидемиянын айынан 3 096  киши каза болгон жана 254  822 бейтап болгон Грузияда тышкы иштер министри Давит Залкалиани коронавирус тестинин позитив чыккандыгын билдирди.

Өзбекстанда Ковид - 19дан 621 киши каза болуп, вирус жуктурган киши саны 78 510гө жетти. Эмдөөлөрдүн апрель айында башталышы пландалууда. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасында Ковид-19га карата чаралардын негизинде  бүгүнтөн баштап Никосияда бир, Киренияда эки жума карантин киргизилет. Эки шаарда тең дарыканалар, май куюучу жайлар, нан бышыруучу жайлар, касаптар жана базар сыяктуу негизги муктаждыктарды тейлеген ишканалар жана аларды жеткирип берүүчүлөр тыюу салуудан бошотулат. Эки жума мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде бетме  - бет билим берүү  токтотулуп, аралыктан билим берүү башталат.

Ковид  - 19дан  5 311 адам каза болуп, оорулардын саны 373  43кө жеткен Японияда премьер - министр Суга Йошихиде, вирус менен күрөшүүнүн негизинде  саламаттык сактоо системасын талаптагыдай көзөмөлдөй албагандарын айтып : «Медициналык тейлөө системасындагы кемчиликтерден улам эл тынчсызданууда»,- деди.

Японияда 2020 - жылдын июль айынын аягында башталган жана экономиканы жандандырууну максат кылган  кампаниялардын туризмге байланыштуу коронавирус бейтаптарынын санын  6,8 эсеге көбөйткөнү аныкталды. Март айында өлкөдө эпидемияга каршы күрөшүүнүн негизинде шаарлардын  эл көп болгон жерлеринде ПЦР тести колдонула батайт.

Ковид  -19дан каза болгондордун саны Мароккодо 8 187, Тунисте 6 370, Алжирде 2 871, Ливанда 2 477, Палестинада 1982, Ливияда 1802, Оманда 1525, Бириккен Араб Эмираттарында 805, Бахрейнде 370 болуп катталды.

 

 



Тектеш кабарлар