АКШнын алгачкы аял казына министри ишин баштады

Жо Байдендин казына министрлигине талапкери Жанет Йеллен Сенаттын макулдугун алгандан кийин ант берип ишин баштады.

1572022
АКШнын алгачкы аял казына министри ишин баштады

 АКШнын президенти Жо Байдендин казына министрлигине талапкери Жанет Йеллен сенаттын макулдугун алгандан кийин ант берип ишин баштады. АКШнын казына министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Йеллендин вице  - презмдент Камала Харристин коштоосунда 78 -  казына министри катары ант бергендиги билдирилди. Ишин баштаган Йеллен АКШнын казына министрлигинин 231 жылдык тарыхында биринчи аял министр катары тарыхка өттү.

АКШ сенаты Байдендин казына министрлигине талапкер көрсөткөн АКШнын Борбордук банкынын мурунку төрайымы Жанет Йеллендин министрлик кызматын дүйшөмбү күнү бекиткен.

Тажрыйбалуу экономист болгон Йеллен 2014 -  жылы ФЕДдин алгачкы аял төрайымы болгон. Министрликте Йеллендин атайын катчысы катары  түрк тектүү Дидем Нишанжы дайындалды.  



Тектеш кабарлар