"Элоиза" бороонунун кесепети

"Элоиза" бороону 6 адамдын өмүрүн алды.

1571026
"Элоиза" бороонунун кесепети

Мозамбикте "Элоиза" бороонунан кеминде 6 адам каза болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарындагы жаңылыктарга караганда, жуманын аягында болгон бороондон өлкөнүн ортосундагы Софала аймагынын көбүрөөк жабыр тартканы жана 176 миң кишинин бороондон таасирленгендиги белгиленди.

Бороон жана катуу жамгырдан улам келип чыккан селдердин болсо 5 миңден ашуун үйдү жараксыз абалга келтиргендиги кабарланды.

Жабыркаган аймактардын арасында 26 медициналык борбор жана 161 мектептин бар экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар