COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1571133
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
SPR covid ESP.jpg
SPR bogota covid.jpg
covid SPR.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 152 миң 338ден ашты. Вируска чалдыккандардын саны 100 миллион 381 миң, ал эми айыгып чыккандардын саны 72 миллион 425 миңди түздү.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 431 миң 392ге жетти. Өлкөдө бул илдетке кабылгандардын саны 25 миллион 861 миң деп катталды. АКШнын президенти Жо Байден Шенген аймагы, Британия, Ирландия, Бразилия жана Түштүк Африкадан бул өлкөгө кирген жана АКШнын жараны болбогон адамдардын саякаттоосуна тыюу салган жарлыкка кол койду. Алгач Бразилияда аныкталган коронавирустун жаңы түрүнүн АКШга жеткендиги, биринчи учур Миннесота штатында кездешкени белгиленди.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 217 миң 712ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 8 миллион 872 миңге жогорулады.

Мексикада пандемиядан улам каза болгондордун саны 150 миң 273кө, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 771 миңге жетти. Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор, Россия тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан "Sputnik V" вакцинасынын 24 миллион дозасы өлкөгө 2 айдын ичинде келе тургандыгын билдирди.

Бритаияда вирустун айынан каза болгондордун саны 98 миң 531, жуктургандардын саны болсо 3 миллион 669 миңди түздү.

Италияда пандемиядан улам каза болгондордун саны 85 881 адамга жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны да 2 миллион 475 миңге көбөйдү.

Францияда вирустун айынан көз жумгандардын саны 73 миң 494, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 57 миң болду.

Испанияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 56 миң 208 деп катталды. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 697 миңге жогорулады.

Германияда эпидемиялык жоготуу 53 миң 402ге, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 154 миңге жетти.

Нидерландияда пандемиянын айынан 13 миң 579 адам каза болду. Өлкөдө ооруга кабылгандардын саны 952 миң 950нү түздү. Нидерландиянын ар кайсы шаарларында жүздөгөн адамдар Ковид-19 чараларына нааразычылыгын билдирип чогулушту, 70 адам камакка алынды.

Португалияда акыркы сутка ичинде 252 адам каза болуп, 6923 жаңы учур аныкталды. Ушундайча пандемиянын кесепетинен адамдардын өлүмү 10 миң 721ге, жуктургандардын саны 643 миң 113кө жетти.

Венгрияда Ковид-19дан улам көз жумган адамдардын саны 89га көбөйүп 12 миң 113кө жетти. Өлкөдө ооруга кабылгандардын саны 360 миң 887ни түздү.

Ушул кезге чейин вирустан 25 адам каза болуп, 2 миң 290 учур катталган Жаңы Зеландияда премьер-министр Жасинда Ардерн, Ковид-19 чараларынын алкагында өлкөсүнүн чек аралары быйыл көбүнчө жабык болорун билдирди.

Колумбияда ушул кезге чейин 51 миң 747 адам каза болду. Өлкөдө Ковид-19 оорусунун 2 миллиондон ашык учурлары кездешти. Коргоо министри Карлос Холмс Трухильо коронавирустан көз жумду.

Ковид-19дун айынан Бельгияда 20 миң 814, Чилиде 17 миң 999, Румынияда 17 миң 841, Швецияда 11 миң 5, Швейцарияда 9 миң 146, Австрияда 7 миң 515, Сербияда 3 миң 905 адам каза болду.



Тектеш кабарлар