Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Бакуга барды

Мухаммед Жевад Зариф «Боордош Азербайжандын жерлерин алуусунан  кубанычтуубуз. Бүгүн Азербайжан жерлери Азербайжан калкынын колунда".

1570435
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Бакуга барды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Азербайжандын Тоолуу Карабахта Армения оккупациялаган жерлерди кайрадан алгандыгы үчүн кубанычтуу экендерин айтты.

Россия, Армения, Грузия жана Түркияны да камтыган аймак турунун негизинде Азербайжандын борбор шаары Бакуга барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф аэропортто Иран медиасына сапары тууралуу маалымат берди.

Жолугушууларда айматык кызматташууну карап чыгышарын айткан Зариф : «Боордош Азербайжандын жерлерин алуусунан  кубанычтуубуз. Бүгүн Азербайжан жерлери Азербайжан калкынын колунда. Элдин куткарылган аймактардагы үйлөрүнө ылдамдык менен кайтышы үчүн жардам берүүнү каалайбыз»,- деди.

Азербайжандык жетекчилер менен Карабахтагы ырааттуулук, тынчтык жана кайрадан куруу тууралуу сүйлөшүлө тургандыгын айткан Зариф транзит өткөөлдөр менен Түндүк -  Түштүк транспорт коридору тууралуу  да сүйлөшүшөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар