Дүйнө жүзүндө Ковид-19 жуктурган учурлар токтой элек, бир жагынан эмдөөлөр уланууда...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 140 миң 714 адамдан ашты.

1570782
Дүйнө жүзүндө Ковид-19 жуктурган учурлар токтой элек, бир жагынан эмдөөлөр уланууда...
covid india.jpg
covid SPR.jpg
covid -19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 140 миң 714 адамдан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 99 миллион 855 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 71 миллион 859 миңден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон АКШда (АКШ), акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 429 миң 506га чейин көбөйгөн, бул илдетке чалдыккандардын саны 25 миллион 704 миңге чейин жетти.

Улуу Британияда акыркы 24 саат ичинде вирустун айынан 610 адам каза болуп, 30 миң 4 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 97 миң 939, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 647 миң 463 болду.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 172 адам каза болуп, жалпы каза болгондолрдун саны 73 миң 49 болгон. Бир күндө 18 миң 436 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 53 миң 617ге жетти. Экинчи жагынан, өлкөдө эл коронавирус эпидемиясынын жаңы түрү 2021-жыл бою уланып, ачарчылыкка алып келет деп коркуп, азык-түлүк камдап жатышат. Француздар жетишсиздиктен жана кампалардан чочулап, тоңдурулган тамак-ашты жана узак убакытка чейин сакталып кала турган консерваланган азыктарды сатып алууга бет алышты.

Эпидемияда 55 миң 441 адам каза болуп, 2 миллион 603 миң 472 адамга жуккан Испанияда ооруканалардагы толтуралык деңгээли эң жогорку чекке жетти. Саламаттык сактоо министрлиги менен эпидемияга каршы чараларды көргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алар түзгөн жер-жерлердеги ооруканалар менен оорулуулардын жыштыгына байланыштуу чечим табууга аракет кылышат.

Ковид-19дун айынан Мексикада көз жумган адамдардын саны 149 миң 614 адамды түзгөн. Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадордун коронавирустук тестти позитив болуп чыкты.

Португалияда акыркы 24 саатта вирустун айынан көз жумган адамдардын саны 275ке көбөйүп, 10 миң 469га, ал эми жаңы ооругандардын саны 11 миң 721ге көбөйүп, 636 миң 190го жетти. Коргоо министри Жоао Гомес Кравиньонун коронавирустун жаңы түрүнө карата тести позитив болуп чыкты.

Австралияда вирус жуккан 909 адам каза болду. Өлкөдөгү ооруга чалдыккандардын саны 28 миң 777 болду. Терапиялык өнүмдөр башкармалыгы фармацевтикалык Pfizer компаниясы тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасын жактыргандыгын жарыялады.

Эпидемиянын айынан 13 миң 450 адам каза болгон Нидерландияда демонстранттар вируска каршы колдонулган чектөөлөргө нааразы болушту. Баш калаа Амстердам менен Эйндховендеги демонстрациялар учурунда окуялар согуш майданына айланды. Полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачкычтар менен кийлигишип, 25 адам кармалып кетти.

Вирустун айынан адам өлүмү 21 миң 924кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 194 миң 328ге чейин көбөйгөн Украинада, күнүмдүк жуктурган учурлардын саны 4 айда биринчи жолу 3 миңден төмөндөдү. Ковид-19 чаралары 8-24-январда күчөтүлгөн өлкөдө ал бүгүнкү күнгө карата жумшарып жатат. Буга ылайык, соода борборлору, ресторандар жана кафелер (жергиликтүү) саат 07.00-22.00 чейин иштей алышат, билим берүү аймактагы учурлардын тыгыздыгына жараша көзмө-көз же дистанциялык түрдө улантылат.

Ковид-19дан улам кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө: Бразилия (217 миң 81), Италия (85 миң 461), Германия (52 миң 863), Колумбия (51 миң 374), Аргентина (46 миң 827), Перу (39 миң 777), Польша (35 миң 401), Бельгия (20 миң 779), Канада (19 миң 94), Чили (17 миң 933), Румыния (17 миң 776), Чехия (15 миң 369), Эквадор (14 миң 623), Венгрия (11 миң 968) жана Швеция (11 миң 5).



Тектеш кабарлар