Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус
Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 508ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 668 000ге жети.
Ковид - 19дан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 140 480ден ашты. Бейтап саны 99 миллион 839 000, айыккандардын саны 71 миллион 841 000 болду.
Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 508ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 668 674кө жети.
Японияда Ковид - 19дан 5 133 киши каза болсо, бейтап саны да 366 435ке жогорулады. Өлкөдө Ковид - 19дан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган 11 аймакта вирус тести позитив чыккан 15 000 ашуун бейтаптын ооруканага жаткыруу же мейманканаларга жайгаштыруу үчүн күтүп жаткандыгы ортого чыкты.
Эпидемиядан улам 8 959 киши каза болгон Египетте Кытайдан алынган Sinopharm вакцинасынын биринчи дозасынын медициналык кызматкерлерге бериле баштагандыгы белгиленди.
Тунисте Ковид - 19дан улам 6 234 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 197 373 болду. Тышкы иштер министри Осман ел - Жерендин коронавирус тести позитив чыкты.
Израилде коронавирустан 4 437 киши каза болуп, 601 000ден ашуун киши вирус жуктурган. Өлкөдө мутацияга учураган түрүнүн ылдам жайылышын алдына алуу үчүн өлкө тышы каттамдардын 31 - январга чейин токтотулушуна чечим чыгарылды.
Айрым өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондордун саны төмөнкүдөй : Россияда 69 462, Иранда 57 481, Түштүк Африкада 40 874, Индонезияда 28 132, Иракта 12 993, Пакистанда 11 318 жана Филиппиндерде 10 292.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду
Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүктүн ракета учуруусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.