Жонсон менен Байден телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Премьер-министрлик кеңсеси No10дон берилген билдирүүсүнө ылайык, Борис Жонсон Жо Байденди кызматка киришүүсү менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз союзду тереңдетүүнү каалагандыгын билдирди.

1569771
Жонсон менен Байден телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Премьер-министрлик кеңсеси No10дон берилген билдирүүсүнө ылайык, Борис Жонсон Жо Байденди кызматка киришүүсү менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз союзду тереңдетүүнү каалагандыгын билдирди.

Премьер-министр Жонсон, Байдендин климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кайрадан кошулуу чечимине канагаттангандыгын билдирди.

Эки лидер жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү туш болгон  маанилүү көйгөйлөр менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү талкуулашты.

Жонсон менен Байден, Улуу Британия жана АКШнын коопсуздук жана коргонуу жаатындагы илгертен берки кызматташтыгына негизделген НАТО шериктештиги менен адам укуктарын өнүктүрүү жана демократияны коргоо боюнча жалпы баалуулуктарга берилгендигин ырасташты.

Лидерлер ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда мүмкүн болгон эркин соода келишиминин артыкчылыктарын талкуулашты жана жагдайлар ылайык болуп калса жолугушууга макулдашышты.



Тектеш кабарлар