Жо Байден эң биринчи Жастин Трюдо менен сүйлөштү

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор да АКШнын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1569431
Жо Байден эң биринчи Жастин Трюдо менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жаңы президенти Жо Байден, кызматка киришкенден кийин телефон аркылуу сүйлөшкөн биринчи чет элдик лидер Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болду.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сүйлөшүүдө АКШ-Канада мамилелеринин стратегиялык мааниси баса белгиленип, эки тараптуу кызматташтыктын коронавируска каршы күрөшүү, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана коргонуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө түрүндө кеңейтилиши темаларынын каралгандыгы белгиленди.

Байден Keystone XL деп аталган мунай кууру долбоорунун жокко чыгарылышынан улам Трюдонун тынчсыздануусун түшүнгөнүн айткандыгы белгилеген билдирүүдө: «Президент Байден, эки тараптуу диалогду активдүү жүргүзүүгө жана Канада менен кызматташтыкты тереңдетүүгө байланыштуу убадасын дагы бир жолу тастыктады» делди.

Билдирүүдө эки лидердин эки тараптуу кызматташтыкты улантуу үчүн бир айдын ичинде кайрадан сүйлөшүү өткөрүү боюнча макулдашкандары айтылды.

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор да АКШнын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Лопес Обрадор Твиттердеги аккаунтунан Байден менен абдан жемиштүү сүйлөшүү өткөргөндөрүн билдирди.

Байден кызматка келген биринчи күнү (20-январь) мурдагы президент Дональд Трамптын мезгилиндеги эң карама-каршылыктуу чечимдеринин бири болгон Мексика чек арасында курулган дубалга берилген каражатты кыскартуу боюнча жарлыкка да кол койгон болчу.

Лопес Обрадор 19-январда жасаган билдирүүсүндө АКШны иммиграция саясатында маанилүү реформаларды жүргүзүүгө чакырган.



Тектеш кабарлар