Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 242ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 641 647ге жогорулады.

1569535
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө  каза болгондордун саны 2 миллион 118 710дон жогорулады. Бейтап саны 98 миллион 848 000ден, айыккандардын саны 71  миллион 53 000ден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 242ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 641 647ге жогорулады.

Эмидемияда 57 294 киши каза болгон Иранда бейтап саны 1 миллион 367 000ге жетти. Президент Хасан Рухани коронавирус менен күрөшүүдө вакциналоо иштеринин талаптагыдай иштеши үчүн элдин эң аз  6 ай дагы көрүлгөн чараларга көңүл бурушу керектигин айтты.

Россияда коронавирустан 68 971 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 3 миллион 698 000ге жетти. Россияда эпидемияга каршы баштатылган массалык вакциналоо иштери соода борборлору менен театр имараты сыяктуу маданий борборлордо жүргүзүлүүдө.

Кытайда Ковид  - 19дан  4 635  киши каза болуп, бейтап саны бир күндө 107ге көбөйүп 88 911ге жетти. Өлкө көбөйгөн Ковид – 19  бейтаптарына байланыштуу эпидемияга карата чаралардын күчтөндүрүлүшү менен Жаз майрамы эс алуусунда тест кылдыруу мажбурдуулугун алып келүүгө даярданууда.

Японияда вирустан 4 830 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 351020га жогорулады. Японияда өкмөт июль айында башталышы күтүлүп жаткан Токио Олимпиадалары жана паралимпик оюндарынын коронавирустун жайылышына каршы «күйөрмансыз» өткөрүү ыктымалын карап жатат.

Сауд Арабиясында 24 сааттын ичинде Ковид  - 19дае 4 киши каза болуп, 213 киши вирус жугузган. Бул маалыматтар менен вирустан каза болгондордун жалпы саны 6 346га, вирус жуктургандардын саны да 365 988ге жогорулады.

Кээ бир өлкөлөрдө  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө болду : Түшткү африкада 4076, Индонезияда 27 664, Иракта 12 984, Пакистанда 11 247 жана Филиппиндерде 10 136.

 



Тектеш кабарлар