Иракта ракеталык кол салуу болду
Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.
1569568

Иракта Багдат аэропортуна карата ракеталык кол салуу болду.
Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда түнкү сааттарда болгон кол салууда Багдат аэропортуна карата үч ракета атылгандыгы, каза болгондор менен жаралангандардын болбогондугу билдирилди.
Атылган ракеталардын экөөсүнүн аэропорт жакындарына түшкөндүгү, үчүнчү ракетанын Багдаттын батышындагы Ел - Жихад мааласында бир жарандын үйүнү келип түшкөндүгү жана зыян келтиргендиги белгиленди.
Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.
Тектеш кабарлар

Судан Европа кинофестивалы башталды
Иш-чарада Судандан 9, Италия, Германия, Англия жана Испаниядан 5 тасма көрсөтүлөт.