АКШнын алгачкы Африка тектүү коргоо министри Ллойд Остин кызматын баштады

Ллойд Остин алгачкы телефон аркылуу сүйлөшүүсүн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен өткөрөт.

1569471
АКШнын алгачкы Африка тектүү коргоо министри Ллойд Остин кызматын баштады

АКШнын президенти Жо Байдендин коргоо министрлигине талапкери Ллойд Остин сенатта бекитилгенден кийин коргоо министрлигинде ант берип кызматын баштады.

Сенатта 2 добушка каршы 93 добуш менен коргоо министрлиги бекитилген Ллойд Остинди Пентагондо  башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Марк Миллей жана коргоо министринин аткаруучу өкүлү Дэвид Норквист  тосуп алды.

Күч командирлери жана башкы катчылары менен өткөрө турган жолугушуудан кийин Остин алгачкы телефон аркылуу сүйлөшүүсүн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен өткөрөт. Андан кийин Остинге Кытай тууралуу жана Жакынкы Чыгышта жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу брифинг берилет. Остин АКШнын алгачкы Африка тектүү коргоо министри катары тарыхка өттү.

Остин 2016 -  жылы армиянын генералы наамы менен АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинде кызмат кылып пенсияга чыккан.

 

 



Тектеш кабарлар