Россия Халифе Хафтерге Сириядан 300 жалданма аскер жиберди

Жалданма аскерлерлерге 1000 - 1500 доллар акы төлөө келишими түзүлгөн.

1569328
Россия Халифе Хафтерге Сириядан 300 жалданма аскер жиберди

Россия Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин катарында согушуу үчүн Сириядан 300 жалданма аскер жиберди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Россия, Ливия өкмөтү жана козголоңчу Хафтер күчтөрүнүн ортосундагы келишимге карабастан Сириядагы жергиликтүү кызматташуучулары аркылуу бир жарым ай мурда Хафтер үчүн согушкерлерди издей баштаган.

Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда жашагандардын кайрылуусунда жаштары 20 – 45 арасындагы 100 кишиге 1000 – 1500 доллар акы төлөө келишими түзүлгөн.

Жалданма аскерлер Ливияга жиберилгенден мурда Асад режиминин чалгындоо бөлүктөрү тарабынан коопсуздук териштирүүсүнөн өттү. Териштирүүдөн өткөн аскерлер Россиянын Латакиядагы базаларында кыска мөөнөттүү машыктыруудан өткөн.

Биринчи этапта машыгуудан өткөн 300гө жакын жалданма аскер кечээ Латакия облусундагы Хымеймим базасынан аскердик жүк ташуучу учак менен Ливияга алып барылды.

Россия режимдин көзөмөлүндөгү облустардан чогулткан 5000ге жакын жалданма аскерди Хафтердин катарында согушуу үчүн Ливияга жиберген.

Швейцариянын Женева шаарында 19 – 23 - октябрь күндөрү өткөн 5 + 5 биргелешкен аскер комитетинин жыйындарынын натыйжасында Ливия өкмөтү менен Хафтер күчтөрүнүн делегацияларынын ортосунда туруктуу ок атышпоо келишимине кол коюлган.

Келишимдин негизинде  өлкөдөгү бардык чет өлкөлүк жалданма аскерлердин 3 айдын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү чечимин чыгарышкан,  бул мөөнөт 23 - январь ишемби күнү аяктайт.



Тектеш кабарлар