Кызартылган тамак-аштардын зыяны

Илимпоздор кызартылган тамак-аштарга байланыштуу иликтөө жүргүзүштү.

1569027
Кызартылган тамак-аштардын зыяны

Кызартылган тамак-аштар ​​жүрөк ооруларынын пайда болушун жогорулатат.

Кытайдагы Шынжын университетинин Медициналык илим борбору, Шынжындын Гуанмин аймагындагы Эпидемияга каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору, Баоань өнөкөт ооруларды алдын алуу жана дарылоо ооруканасы менен Синькоу университетинин илимпоздору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө кызартылган тамактын жүрөк оорусуна тийгизген таасири жана ага байланыштуу өлүм көрсөткүчү иликтенди.

"Heart" журналына жарыяланган изилдөөдө илимпоздор, буга чейин жарыяланган 19 изилдөөнүн маалыматтарын эске алуу менен 560 миң кишиге таандык 37 миң жүрөк оорусун текшеришти. Мындан тышкары акыркы 10 жылда катталган 86 миң өлүмгө байланыштуу маалыматтар иликтенди.

Шынжын университетинин Медициналык илим борборунун илимпозу Пей Чин: «Жумасына болжол менен 113 грамм кызартылган тамак-ашты колдонуу жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрүн 3 пайызга, жүрөк ооруларын 2 пайызга, ал эми жүрөк жетишсиздигин 12 пайызга көбөйтөт» деп айтты.

Изилдөөдө кызартуунун көбүнчө каныккан өсүмдүк майлары менен жасалгандыгы жана курамында зыяндуу транс май кислоталары бар экендиги, ошондой эле бул бышыруу ыкмасы отто зыяндуу химикаттарды пайда кылаары белгиленди.

Изилдөөдө, кызартылган тамак-аштын көлөмүнүн көбөйүшү менен жүрөк оорусунун өнүгүшүнүн ортосунда түз байланыш бар экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар