Коронавирус батыш өлкөлөрүнүн айласын кетирүүдө

Вирус дагы деле жайылууда.

1568946
Коронавирус батыш өлкөлөрүнүн айласын кетирүүдө
covid SPR ölüm.jpg
SPR covid ESP.jpg
Edi Rama_covid aşısı_sağlık çalışanları_4.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 100 миң 800дөн ашты. Вируска чалдыккандардын саны 98 миллион 109 миңден, ал эми айыккандардын саны 70 миллион 517 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиянын айынан каза болгондордун саны 420 миң 285ке, жуктуруп алгандардын саны болсо 25 миллион 196 миңге жетти. АКШнын президенти Жо Байдендин саламаттыкты сактоо боюнча башкы кеңешчиси Энтони Фаучи: «Эгерде америкалыктардын 70-85 пайызы жайдын ортосуна же аягына чейин эмдөөдөн өтүшсө, күз айларында кадимки жашоого кайта алабыз»,-деди.

Адамдардын өлүмү 84 миң 202, ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 428 миң 221 деп катталган Италияда, эпандемияга каршы күрөшүү үчүн логистикалык муктаждыктар боюнча жооптуу премьер-министрдин Өзгөчө камсыздоо комиссары Доменико Аркури, вакциналардын жеткирилишинин кечигишинен улам өлкөдө эмдөө бир кыйла басаңдагандыгын айтты.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир суткада 404 адамдын каза болушу менен, адамдардын өлүмү 55 миң 41ге көбөйдү. Ошол эле мезгилде 44 миң 357 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 456 миң 675ке жетти. Өлкөдө 27-декабрда башталган Ковид-19 эмдөөсүнүн алкагында эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 миллион 200 миңден ашты. Мадриддин автономиялык администрациясы болсо Саламаттык сактоо министрлигин "вакцинанын бүткөндүгү" себеби менен сындап, вакцина келгенге чейин эмдөөнү токтотконун кабарлады.

Португалияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 9686га, ал эми бейтаптардын жалпы саны 595 149га жетти. Ооруга чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу 25-январдан баштап башталгыч мектептерден тышкаркы бардык мектептер 2 жумага жабык болот. Барлардын, ресторандардын жана соода борборлорунун иш убактысына да чектөө киргизилди.

Вирустун айынан каза болгондордун саны 34 миң 561ге, ал эми жуктургандардын саны 1 миллион 457 миң 755ке жеткен Польшада Малопольск аймагындагы бейтаптан алынган кан үлгүсүндө коронавирустун мутацияланып тезирээк тараган түрү аныкталды.

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо АКШнын фармацевтикалык компаниясы Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакцина биринчи жолу баш калаа Китодо бир дарыгерге сайылды. Өкмөт биринчи этапта мамлекеттик жана жеке ооруканаларда медицина кызматкерлери болуп иштеген 43 миң адамга Ковид-19 вакцинасын берүүнү максат кылгандыгын билдирди. Ковид-19га ушул кезге чейин өлкөдө 236 миң 189 адам кабылса, 14 миң 526 адам каза болду.

Ковид-19дан кээ бир берки өлкөлөрдө каза тапкандардын саны төмөнкүчө:

Бразилия 214 миң 228, Мексика 146 миң 174, Англия 94 миң 580, Франция 71 миң 998, Германия 51 миң 151, Колумбия 50 миң 187, Аргентина 46 миң 355, Перу 39 миң 274, Украина 21 миң 499, Бельгия 20 миң 572.



Тектеш кабарлар