Европалык лидерлер Навальныйдын бошотулушун талап кылышты

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, лидерлердин чакырыгын 27 мүчө өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынынан кийин билдирди.

1568834
Европалык лидерлер Навальныйдын бошотулушун талап кылышты

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн лидерлери, Германиядан Москвага кайтып келгенде кармалган орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын бошотулушун талап кылышты.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, лидерлердин чакырыгын 27 мүчө өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары видеоконференция аркылуу коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жөнүндө өткөргөн жыйындан кийин билдирди.

Европа Биримдиги лидерлеринин, Навальныйга карата ууландыруу аракети боюнча Орусиядан көз карандысыз жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүшүн күткөндөрүн айткан Мишель, Орусиянын тергөө иштеринде Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму менен кызматташуусун күткөндөрүн баса белгиледи.

Орусиянын Томск шаарынан Москвага баруу үчүн 20-августта учакка түшкөн Навальный учуу учурунда өзүн жоготкондуктан учак Омск шаарына конгон. Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган Навальныйдын чайына аралаштырылган заттан уулангандыгы айтылган.

Навальный 22-августта Омск шаарынан жеке учак менен Германиянын Берлин шаарындагы Charite ооруканасына которулган. Навальный дарыланып жаткан Германиядан кайтып келери менен Москва аэропортунан 17-январда кармакка алынган.

Сот Навальныйдын "2020-жылдын 29-декабрынан бери көзөмөлдөнгөн эркиндик мөөнөтүн бир нече жолу бузган" деген жүйө менен 15-февралга чейин 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. 



Тектеш кабарлар