Аз кирешелүү өлкөлөр үчүн Pfizer/BioNTech менен келишим түзүлдү

COVAX быйыл аз кирешелүү 92 өлкөгө 1,8 миллиард доза вакцина таратууну пландаштырууда.

1569192
Аз кирешелүү өлкөлөр үчүн Pfizer/BioNTech менен келишим түзүлдү

Pfizer жана BioNTech компаниялары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аз кирешелүү өлкөлөргө вакциналарды таркатуу үчүн түзүлгөн COVAX механизмине Ковид-19 вакцинасын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Euronewsтун кабарына караганда, келишимдин алкагында COVAXтын канча төлөй турганы жана канча доза берилери азырынча белгисиз, бирок көлөмү аз болоору баса белгиленди.

Маалымат булактарынын бири, Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи кезекте ушул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо кызматкерлерине бериле тургандыгын билдирди.

Pfizer/BioNTech вакцинасы өтө төмөн температурада сакталууга тийиш болгондуктан, аны ташууда атайын унаалар колдонулушу керек жана бул өзгөчө ысык климаттуу жакыр өлкөлөр үчүн анчалык деле пайдалуу эмес болушу мүмкүн экени айтылууда.

ДСУнун улук кеңешчиси Брюс Эйлворд жуманын башында COVAX компаниясынын Pfizer менен сүйлөшүүлөрдө алдыга жылганын билдирип, бирок мекемелер макулдашууга жетиштиби же жокпу деген суроолорду жоопсуз калтырды.

COVAX программасынын алкагында биринчи вакциналар аз кирешелүү өлкөлөргө февраль айынан баштап таратыла баштайт.

Кечээ жаңыланган божомолдорго караганда COVAX быйыл аз кирешелүү 92 өлкөгө 1,8 миллиард доза вакцина таратууну пландаштырууда.

Бул сумма ушул өлкөлөрдүн калкынын болжол менен 27 пайызына туура келет.



Тектеш кабарлар