Украинада карылар үйүндө өрт чыкты

Өрттөн 13 адам каза болуп, 4 адамдын жаракат алгандыгы белгиленди.

1568612
Украинада карылар үйүндө өрт чыкты

Украинада карылар үйүндө чыккан өрттөн 13 адам каза болду.

Украинанын Тез жардам кызматынын билдирүүсүндө, Харьков шаарындагы карылар үйүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.50 чамасында өрт чыккандыгы кабарланды.

Өрттөн 13 адам каза болуп, 4 адамдын жаракат алгандыгы белгиленди.

Жетекчилер өрт учурунда имаратта 33 адамдын болгонун маалымдашты.

Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча түшүндүрмө берилген жок.



Тектеш кабарлар