Индонезияда 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Метеорология, климат жана геофизика институту жер титирөөдөн кийин цунами сигналын берген жок, каза болгондор же жаракат алгандар жөнүндө азырынча маалымат бериле элек.

1568518
Индонезияда 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Индонезиянын Түндүк Сулавеси провинциясынын Талауд аралдарынын жанында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Эпицентри Талауд аралдарынын Мелонгуан аймагынан түндүк-чыгышка 134 чакырым алыстыкта ​​болгон жер титирөө жердин астынан 154 чакырым төмөндө болду.

Метеорология, климат жана геофизика институту жер титирөөдөн кийин цунами сигналын берген жок, каза болгондор же жаракат алгандар жөнүндө азырынча маалымат бериле элек.

Индонезияда 2018-жылдын 28-сентябрында Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7,5 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунами Донггала, Палу жана Сиги аймактарына таасирин тийгизип, 4340 адамдын өмүрүн алган.



Тектеш кабарлар