Греция аймактык сууларын кеңейтти

Мыйзам долбоору ачык добуш берүүнүн натыйжасында кабыл алынды.

1568005
Греция аймактык сууларын кеңейтти

Греция парламенти, Иония деңизиндеги өлкөнүн аймактык сууларынын 6 милден 12 милге кеңейтилишин көздөгөн мыйзам долбоорун бекитти.

Мыйзам долбоору ачык добуш берүүнүн натыйжасында кабыл алынды.

Премьер-министр Кирякос Мицотакис, добуш берүү алдында сүйлөгөн сөзүндө, өлкөсүнүн аймактык сууларын кеңейтүү укугуна ээ экендигин жактап, буга байланыштуу эл аралык мыйзам жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Деңиз укугу келишимине жараша кадамдарды таштагандарын айтты.

Греция менен Италия 9-августта Иония деңизинде Эксклюзивдүү Экономикалык Аймакты делимитациялоо келишимине кол коюшкан болчу.



Тектеш кабарлар