Сириянын Хомс облусунда нефть рафинериясында жарылуу болду

Хомс облусунда Башар Асад режимине таандык нефть рафинериясынын ичинде чоң жарылуу болду.

1567297
Сириянын Хомс облусунда нефть рафинериясында жарылуу болду

 Сириянын ортоңку аймагындагы Хомс облусунда Башар Асад режимине таандык нефть рафинериясынын ичинде чоң жарылуу болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Хомс рафинериясында чийки нефть ташыган танкерлер жарылды.

Жалпы эң аз 7 танкердин жарылгандыгы, өрттүн уланып жатканы белгиленди. Өрттү өчүрүү жана рафинерияга жайылышына жолтоо болуу үчүн Хама жана Тартус облустарынан кошумча өрт өчүргүч унаалары аймакка жиберилди.

Ушул кезге чейин каза болгон же жаралангандар тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар