Синабунг вулканы атылды

Синабунг вулканында болгон жарылуунун 3 мүнөт 21 секундга созулгандыгы белгиленди.

1567137
Синабунг вулканы атылды

Индонезиянын Суматра аралындагы Түндүк Суматра аймагында жайгашкан Синабунг вулканы атылды.

Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борборунун (PVMBG) билдирүүсүндө, Синабунг вулканында болгон жарылуунун 3 мүнөт 21 секундга созулгандыгы белгиленди.

PVMBG аймактагы элдерди "кызгылт сары" эскертүү деңгээлинде турган жанар тоонун чокусунан кеминде 3 чакырым алыстыкта ​​болууга, ошондой эле күл жамгырларына каршы маска кийүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар